ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаары Сиань (Кытай Эл Республикасы) шаары менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт

Бүгүн, 18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарынын Элдик саясий кеңешинин төрагасы мырза Ван Жидэ баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар соода-экономика, туризм, билим берүү, маданият тармактарында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасында технологияларды өнүктүрүү жана экология жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.
Жыйынтыгында Ош жана Сиань шаарларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Эскерте кетсек, 2019-жылы эки шаар ортосундагы туруктуу достук жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн меморандумга кол коюлган.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео