Бүгүн, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын элдер Ассамблеясынын делегациясы менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жыйынга, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев, Кыргызстандын элдер Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов, ошондой эле аймактык этникалык коомдордун жана диаспоралардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында, улуттар аралык өз ара аракеттенүү, мамилелерди бекемдөө жана этникалык коомдорду өнүктүрүү маселелери каралып, пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, Кыргызстандын элдер Ассамблеясынын 30 жылдык мааракеси жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата этникалык бирикмелердин өкүлдөрүнө улуттар аралык өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, маданий мурасты сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчалар жана атайын сыйлыктар тапшырылды.