ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаштар форуму өттү

Бүгүн, 14-ноябрда, Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата “Келечек багыты – Жаштардын өнүгүү платформасы” аталышындагы жаштар форуму болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков, «Интербилим» коомдук уюмунун Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Гульгакы Мамасалиева, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген жаштар катышты.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана Эл аралык студенттер күнүнө карата жаштар саясатына колдоо көрсөтүп, салым кошкон айырым жарандар, активдүү жаштар Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.
Форумдун катышуучуларына ийгиликтүү долбоорлор боюнча жаш ишкерлер жана экологиялык активисттер тарабынан презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жаштардын шайлоо процесстерине катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүлдү.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео