Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
Бүгүн 1-июнь күнү, Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чоң майрамдык иш-чара өткөрүлүп, кичинекей шаар тургундарына жагымдуу маанай тартууланды.
Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында уюштурулган бул майрамга Ош шаарынын мэриясынын, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, балдарды куттуктап, алардын жаркын келечегине ак тилек айтышты.
Бактагы жайкы театрда чоң программадагы концерттик шоу сунушталып, бий жана музыка сүйүүчүлөрү үчүн чыгармачыл топтор тарабынан жандуу аткаруулар тартууланды. Ошондой эле куурчак театры тарабынан жомоктордон үзүндүлөрү көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттук оюндар — шахмат, шашки, тогуз коргоол, аркан тартыш жана башка мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Майрамдын жүрүшүндө сүрөт тартуу сынактары, ар кандай чыгармачылык жана интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, балдарга балмуздак таратылды.