ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында көп жылдан бери пайдаланылбай, каралбай турган имарат Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 
✅ Ош шаарындагы Д. Садырбаев көчөсүндө көп жылдан бери пайдаланылбай, каралбай турган имарат Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилип, оңдоп түзөөдөн соң бүгүн пайдаланууга берилди.
🔸 Ишкананын имаратын ачууга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери, ишканынын кызматкерлери катышышты.
🔸 Бул жер кыска аралыкта оңдоп түзөөдөн өтүп, шарт түзүлүп, айланасындагы курулуш калдыктары жана ар кандай таштандылар тазаланып, имараттын ички бөлүгү актап сырдалып, чатырын оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле дарбазасы жаңыдан жасалып, мекеменин аты жазылып, иретке келтирилген.
🔶 Эске салсак ишкана жайгашкан аймак 1,5 гектар жери менен имараты жеке тараптардын колуна өтүп менчиктештирилип кеткен мүлк толук мамлекетке кайтарылып алынган. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин сунушу менен имарат, жер аянты менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео