ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

Бүгүн, 3-декабрь Эл аралык майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата “Биз биргебиз” аталышындагы жарыяланган бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн маданий иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов катышып, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинен балдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү маанилүү экенин белгилешти.
Иш-чаранын алкагында шаардык маданият башкармалыгы жана музыкалык бий топтору тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып, шаардык адистештирилген окуу жайларынан жана борборлорунан катышкан 400 баланын ар бирине белектер берилди.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 2024-жылдын 1-ноябрына карата жалпы 9 299 майыптыгы бар жарандар бар, анын ичинен майыптыгы бар балдар 1 583тү түзөт.
Бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео