

Ош шаарында бүгүн, 23-сентябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган Сармерден таймашында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана КР Коргоо министрлигинин түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын курамы финалга өтүп, күч сынашты.