ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Бабур театрында бүгүн, «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» аталышында мугалимдердин кезектеги жылдык август кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Аматова, ЮНИСЕФ өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар, ата-энелер катышты.

Конференцияда билим берүү тармагында жүзөгө ашырылган иштер, ийгиликтер, аткарылып жаткан программалар жана алдыда жасалуучу жумуштар боюнча баяндалды.

Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын атынан өзгөчөлөнгөн билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, мугалимдерге, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын тамга” аттестаттарынын ээлерине Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео