ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар каттамга чыкты

Бүгүн, Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди.

Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.

Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эрте менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт.

Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:

– №1 мектептик автобустук каттамы:
Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз – И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) түз – С. Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген кыймыл чиймеси боюнча артка кайтат.
– №2 мектептик автобустук каттамы:

Тээке айылы (Ош-Араван автоунаа жолу) – Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айланпа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайтат. (Ипподром)

– №3 мектептик автобустук каттамы:

ДЭУ-21 – А.Мамыров көчөсү (Волчья яма) – Ак-Тилек кичи району – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).

Эскертүү: Ар бир багыт боюнча экиден автобус жүрөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео