Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын прокуратурасында Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында прокуратура органдарынын ардагерлери жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота, мааракелик төш белгилер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Салтанатка Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, күч түзүмдөрүнүн, көзөмөл органдарынын, юстиция, бажы кызматтарынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышты.