ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жарнамаларды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат

Бүгүн 19-ноябрда, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын, Монополияга каршы кызматынын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда шаардын сырткы көрүнүшүн иретке салуу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында И.Разаков жана Кара-Суу көчөлөрүндө рейд жүрдү.

Рейд учурунда жалпы 30 жакын жеке менчик объектер мамлекеттик тилде жазылуусу текшерилди. Ошондой эле мыйзам талабына жооп бербеген, иретсиз жайгаштырылган, эскилиги жетип, шаардын көркүн бузган жарнамалар алынып, жарнама ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Ош шаарынын мэриясы ресторан, кафе, тиш дарылоо, сулуулук салон, тез татым жана дүкөн иштеткен ишкерлерге аталыштарын жазууда мамлекеттик тилде жана жарнамаларды көчөлөргө жайгаштырууда мыйзам талаптарын сактоону эскертет.

Рейддик иш-аракеттер уланат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео