ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында зооноздук оорулар боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында зооноздук жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү.
Аталган иш-чара калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган темаларды талкулоо, айрым көйгөйлөр боюнча биргеликте чечимдерди чыгаруу максатында өткөрүлдү.
Жыйынга, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Ливиу Ведраско, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйында тиешелүү адистер тарабынан Ош шаарындагы жана Ош облусундагы зооноздук жугуштуу оорулардын эпидемиологиялык абалы, ветеринардык кызматынын жана саламаттыкты сактоо секторунун ролу, оорулардын алдын алууга багытталган маалыматтык өнөктүктөрдү уюштурууда заманбап ыкмаларды колдонуу тууралуу маалыматтар берилди.
Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, оорулардын алдын алуу максатында билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдарында алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, бул багытта окуучулар жана өзгөчө алардын ата-энелери арасында тарбиялык саатарды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Буга байланыштуу Ош шаарынын аймагында бул багытта тиешелүү иштерди алып баруу жана көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео