Ак-Буура дарыясынан өткөн мыйзамсыз салынган көпүрөлөрдү бузуу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Ош шаарынын борбордук базарына кирүүчү кошумча жолдордун картасын сунуштайбыз.
Учурда борбордук базар иштеп, соода жүрүп жатат. Кирүүгө тосколдуктар жок.
Азыркы базар муниципалдык жаңы базар курулуп бүткөнгө чейин 2 айлык мөөнөттө иштейт.