ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын күнүнө карата Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын түптөлгөн күнүнө карата Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ирригатор көчөсүндө жаңы курулуп бүткөрүлгөн мектептин ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык билим берүү тармагынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эки кабаттуу жаңы мектеп 275 окуучуга ылайыкташкан. Имарат республикалык бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык курулуп бүткөн. Мектепте окуучулар үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп, спорт аянтчалар, откана, суу кампасы менен жабдылган.

Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2015-жылдын декабрында башталып, каражаттын жетишсиздигинен улам убактылуу токтотулган.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео