ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эгемен элдин ыйык дөөлөтү, баа жеткис мурасы жана бийик сыймыгы.
Бүгүн биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Анткени Эгемендиктин 33 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ошону менен катар быйыл Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси да белгиленгени турат.
Эгемендик үчүн ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп келсе, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев сыяктуу мамлекеттик жана саясий ишмерлер турган.
Мына ушундай залкар инсандарыбыздын салымы менен өзүнүн тарыхый орду, көз карандысыз мамлекети бар журт катары дүйнөгө таанылдык. Мына быйыл Париж олимпиада оюндарында да спортчуларыбыз өлкөбүздүн кадырын көтөрүп, желегин желбиретти.
Эгемендүүлүк жылдары ордолуу Ош шаарыбыз да жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өнүгүү жолунда баратат.
Ардактуу мекендештер!
Эркиндикти аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин колубузда. Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, өлкөбүздүн тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошолу.
Баарыңыздарга бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм. Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү болсун.
🇰🇬 Эркиндиктин туусу кылымдарга желбирей берсин!
🇰🇬 Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео