Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда адам укуктарын жана эркиндигин коргоо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында кызматташуу маселелери талкууланды.