ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 10-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк жаштар” күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын жаштары!
Сиздерди 10-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк жаштар” күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Жаштар биздин үмүтүбүз жана өлкөбүздүн келечеги. Сиздердин ийгиликке жана жеңишке болгон ар бир кадамыңыздар Кыргызстандын эртеңине, беделине кошкон салымыңыздар.
Ата-бабаларыбыз бизге мурас калтырган эгемендүү мамлекетибиз бар. Нечен кылымдарды карытып, далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз элинин улуу көчүн улантуучу бул сиздерсиздер. Алдыңарда Кыргыз тарыхын дагы жаза турган жаркын барактар, бийик милдеттер турат.
Ош шаарынын жаштары да бүгүнкү күндө ар тараптуу өлкөнүн экономикалык, социалдык жана аймактык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келүүдө. Алдыга койгон максатыңардан тайбай, ар дайым алдыга жаратмандыкка, ак эмгекке, жакшылыкка умтулгула. Ош шаары сиздер менен дайыма сыймыктанат!
Дагы бир ирет жаштар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баарыңарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, жалындуу жаштык каалайм!

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео