ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен Ош шаарынын мэриясынын, жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Басма сөздө, теле-радиодо жана маалымат булактарында коомдук пикирди чагылдырып, бийлик менен элдин ортосунда “көпүрө” болуп келесиздер. Коомдук пикирди чагылдыруу менен чектелбей, ар тараптуу маалыматтар аркылуу адамдардын аң-сезимине, билим деңгээлине, дүйнө таанымына таасир этип, жаңычылдыкты жайылтасыздар. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы күчкө ээ болуп турат.

Айрыкча интернет өнүгүп, маалымат алууда ар кандай булактар көбөйгөн кезде кесипкөй, чындыкты коомчулукка жеткирген чыныгы адистердин кадыр-баркы өстү. Элдин ой-пикирин бурууга аракет кылган социалдык тармактарга тараган маалыматтарды бир гана тажрыйбалуу журналисттер талдап, иликтеп бере алат эмеспи. Андыктан сиздердин жасап жаткан ишиңиздер эбегейсиз эмгекти талап кылат.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан жасалып жаткан жумуштар, жетишкендиктер, кемчиликтер сиздердин сыныңыздардан өтүп, элге жетип келүүдө. Деги эле шаардын, жашоочулардын кызыкчылыгын коргоодо активдүү иштеп, аткаруу бийлигине жакындан көмөктөшүп келесиздер.

Урматтуу журналисттер!

Сиздерге мындан ары да чыгармачылык эргүү, маалыматтык жактан изденүү жолунда күч кубат, ден соолук каалаймын. Дайыма бей тарап, калыс, акыйкат маалыматтар менен коомчулуктун, угарман, окурман, көрөрмандардын сый урматына татып эмгектене бериңиздер.

Дагы бир ирет майрамыңыздар менен!

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео