Бүгүн, 17-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.
Жолугушууда делегаттарга шаардагы ар кайсы тармактарда, анын ичинде социалдык чөйрөнү, жылуулук, суу, энергетика, турак жай курулушун өнүктүрүү багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтар берилип, бир катар маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Шаар башчысы кийинки жылы шаардагы жолдорду капиталдык оңдоого басым жасаларын билдирип, делегаттардын суроолоруна жана сунуштарына жооп берди. Ошондой эле, келерки жылга мерчемделген маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге токтолду.