Бүгүн, 8-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү.
Шаар тургундарын мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен бирге кабыл алды.
Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде чечүү тапшырмасы берилди.