ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

Алгачкы аппараттык жыйында Жеңишбек Токторбаев кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын, бардык мэриянынын аппаратынын кызматкерлери жана жетекчилери менен иштеше тургандыгын айтты.
«Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес, шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн иштөө. Жыйынтык көрсөтүү. Мен эч кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейм. Сиздерден да ушул нерсени талап кылам. Башкаларга күзгү болууңар керек. Өзгөчө курулуш тармагында же жеке ишкердикте уруксат берүү, маселесин чечүү үчүн жасалма тоскоолдук кылуу аркылуу акча талап кылуу сыяктуу көрүнүштөр болбосун.
🔸 Мындан тышкары:
– Жетекчилер мындан ары жумушка коомдук транспорт же жеке транспорт менен келесиңер. Эч ким кызматтык унаасын колдонбойт.
– Ар бир жетекчи кайсыл жерге барбайлы, курулуш иштери болобу, жолго чыгабызбы даярдыкта болгула бөлмөңөрдө тиешелүү кошумча өтүк, кийим-кече болушу керек.
– Шаардын жолдорун оңдоого, кардан тазалоого өзгөчө көңүл бурулат, 80-жылдары чыккан техникалар жүрөт, жаңы атайын техникаларды сатып алабыз.
– Көчөлөр чаңып жатат, тазалоого өзгөчө көңүл бурабыз.
– Мындан ары аппараттык жыйындар, тиешелүү жетекчилер менен бирге мэрияда эмес ар бир аймакта, маселе жаралган жерде өтөт.
– Билим берүүгө көңүл бурулат. Өлкөдө рэкет, криманал деген жолголду. Мектептерде да рэкет деген түшүнүк болбойт.
– Кызыл сызыктан чыккан, жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде соода-сатык түйүндөр буздурулат.
– Унаа тыгынын жоюу максатында жол кесилиштерине кошумча жаңы өтмөктөрдү курууга көңүл буруу зарыл.
– Ош шаардык кеңеши менен тыгыз иш алып барабыз. Алардын ар бир сунуш, пикирине өзгөчө көңүл бурабыз.
– Орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине куттуктап, ар кандай белек-бечкектерди алып кирүүгө кажет жок.
🔹 “Менин эшигим сиздер үчүн ар дайым ачык, сунуштар болсо, маселе жаралса түз мага кайрылгыла!”, – деп баса белгиледи мэр.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео