ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри жол инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, шаардын жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жолдорду кеңейтүү жана заманбап транспорттук магистралдарды салуу боюнча иштелип чыккан жаңы инновациялык долбоорлор менен таанышты.
Андан соң тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Амир-Тимур көчөсүнөн (Калинин көчөсү) Жапалак аймагынын Гулбаар-Төлөйкөн айылына чейин курулуучу жаңы магистралдык жолдун долбоору менен таанышып, курулуш иштери боюнча маалымат алды.
Шаар башчысы шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү приоритеттүү багыттардын бири экенин белгилеп, жеринде тиешелүү кызматтарга альтернативдүү жолдорду ачуу иштерин баштоо үчүн сметалык даярдыктарды көрүү тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгындарын жоюу жана болтурбоо максатында “Жапалак” унаа базарына жана анын айланасында ачыла турган башка базарларга кирүүчү жолдорду кеңейтүүгө багытталган. Жаңы магистралдык жолдун узундугу долбоор боюнча 12,5 км түзөт.
“Жапалак” унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланган. Бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда. Муну менен катар унаа базардын да аймагы кеңейтилип, унаа токтоочу жайлар салынат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео