Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, аппарат жетекчи Адилет Шаршеналы уулу, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов баштаган, муниципалдык ишканалардын тиешелүү адистеринен, шаардык кеңеш депутаттарынан турган топ Кытай Эл республикасында иш-сапарда жүрүшөт.
Мында негизги максат мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 млн сом каражатка муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерге атайын техникаларды сатып алуу.
Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүүдө. Жалпысынан 128 атайын техникаларды сатып алуу каралган.