ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУН КУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК (МЖӨ) ДОЛБООРУНУН КОНКУРСУНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАТ

Ош шаарынын мэриясы кызыкдар тараптарды “Ош шаары, Мамыров көчөсү, № 3 дареги боюнча инклюзивдүү билим берүү уюмун куруу жана башкаруу” аталышындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун конкурсуна катышууга чакырат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Ош шаарында 80 тарбиялануучуга ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү уюмун (балдар бакчасын) курууну жана андан ары башкарууну карайт.

Долбоордо инклюзивдүү мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинде майыптыгы бар балдарга, анын ичинде балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) жана кыймыл-аракет системасынын башка бузулуулары бар балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга (ДМЧ), ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга ылайыктуу шарттарды түзүү каралган.

Долбоордун максаты – мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу аркылуу Ош шаарында заманбап, коопсуз жана жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү. Бул механизм социалдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеке инвестицияларды тартууга, мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Долбоордун демилгечиси – Ош шаарынын мэриясы.

Аталган МЖӨ долбоору боюнча квалификацияга жана сунуштарга бирдиктүү суроо-талап менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: “Бирдиктүү суроо-талап”.

Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү ушул чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Конкурсту өткөрүү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча суроолор менен кызыкдар тараптар төмөнкү байланыш номерлерине кайрыла алышат:

  • МЖӨ борбору: 0 312 300 176;
  • Ош шаарынын мэриясы: 0 3222 5-51-51, 0 3222 5-55-51.

Окшош жаңылыктар

899402406_1478326997819526_7206384964155506670_n

Алтын күз — Ош шаарынын өзгөчө ажары! (фото)

images (1)

КОРРУПЦИЯГА — ЖОЛ ЖОК!

899822772_1109855991829480_938167303215837688_n

Кулактандыруу! Аукцион!

default

Жакында дагы бир жаңы сквер пайдаланууга берилет

түйүн

Жол кыймылын жакшыртууга багытталган түйүндүн курулушу уланууда

images

Жашыл Ош: тоонун боору токойго айланат