ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

🔵 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОБУ.
👉 Кесиптик билиминин деңгээли:
➨ жогорку же болбосо орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, энергетика жана электротехника, материал таануу, металлургия жана машина куруу, приборкуруу, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, юридика багыттарындагы);
➨ иш стажына талаптар коюлбайт.
🔵 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОБУ.
👉 Кесиптик билиминин деңгээли:
➨ жогорку билим (экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, энергетика жана электротехника, материал таануу, металлургия жана машина куруу, приборкуруу, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, юридика багыттарындагы);
➨ жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
🔵 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ ТОБУ.
👉 Кесиптик билиминин деңгээли:
➨ жогорку билим (экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш, юридика багыттарындагы);
➨ жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
👇 Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди сынактык комиссияга тапшырышы зарыл:
➨ Сынактык комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
➨ Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
➨ Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
➨ Сүрөт 4х6;
➨ Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
➨ Аскердик билетинин көчүрмөсү;
➨ Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
➨ Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
➨ Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
👆 Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2024-жылдын 20-сентябрь саат 17:30 га чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна (210-кабинет) тапшыруу зарыл.
☝️ Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.
➨ Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрондук дареги так көрсөтүлүшү керек.
➨ Талапкерлерди тестирлөө этабынан өткөрүүдө колдонулуучу укуктук ченемдик актылардын тизмеси Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу сектору (210-кабинет) тарабынан берилет.
✍️ Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео