Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык сынак жарыялайт.
Сынакка катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Физикалык жактар үчүн – паспорт.
- Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – сынак үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт
- Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик взнос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер. Төлөм кабыл алуучу банк – Ош шаары, «ОАО РСК», №4407011001000191, лиц. счет 4407011101000191, төлөмдүн коду: 31412110, БИК 129039.
- Конкурска катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
- Жер тилкесине курулуучу обьект туураалуу эскиздик проект.
Эскертүү: Башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым кайтарылбайт.
Белгилей кетүүчү нерсе, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектти (лот) сынак белгиленген күнгө үч күн калганда сынакты алып салууга укуктуу.
Сынак “Ош шамы” коомдук саясий гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты.
Көңүл буруңуздар! Сынакка бардык юридикалык жана физикалык жактар, алардын ичинде сынак өткөрүүгө 3 (үч) күн калганда сынакка катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алышат.
Сынакка катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишенген жактары) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.
Жер тилкелерин жеке менчикке жана ижара шартында убактылуу пайдаланууга сынак өткөрүү