ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү максатында жумушчу комиссия төмөндөгү мүлктөрдү сатууга аукцион жарыялайт

Аукционго катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
➡︎ Физикалык жактар үчүн – паспорт.
➡︎ Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
➡︎ Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик взнос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер. Төлөм кабыл алуучу банк – Ош шаары, «ОАО РСК», №4407011001000191, лиц. счет 4407011101000191, төлөмдүн коду: 31412110, БИК 129039.
➡︎ Аукционго катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Эскертүү: Башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым кайтарылбайт.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектини (мүлктү) аукцион белгиленген күнгө үч күн калганда аукционду алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар! Аукционго бардык юридикалык жана физикалык жактар, алардын ичинде аукцион өткөрүүгө (жарыя чыккан күндөн 27 күндүн ичинде) 3 (үч) күн калганда аукционго катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алышат.
Аукционго катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео