ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: таза коом, таза шаар үчүн!

♻️  Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, бүгүн Ош шаарынын аймагында жалпы ишембилик болуп өттү.

 

🧹 🧤  Ишембилике шаар аймагында жайгашкан мекеме-уюмдар, ишканалар, саламаттыкты сактоо мекемелери, билим берүү (жогорку жана кесиптик) мекемелери, базарлар, коммерциялык-соода түйүндөр (менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан), ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктар, “Жапалак”, “Төлөйкөн”, “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыктары, кварталдык үй комитеттери өздөрүнүн айланаларын иретке келтирип тазалашты.

 

🧹 🧤  Ишембилике 50 миңге жакын шаар тургундары катышып, жалпы 800 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

 

Урматтуу Ош шаарынын тургундары “тазалык тазалаган жерде эмес, таштанды таштабаган жерде болот”- деп айтылгандай жашаган аймагыбызды, иштеген жерибизди, айлана-чөйрөбүздү таза сактайлы.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео