ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: Жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы жоюлат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма” долбоорунун алкагында аяктаган курулуш иштери менен жеринен таанышып, объекттин 1-линиясын расмий түрдө ишке киргизди.
Шаар башчысы Төлөйкөн аймактык башкармалыгынын Данги тилкесине барып, аткарылган жумуштардын сапатын текшерди. Анын жүрүшүндө тиешелүү адистер аткарылган иштердин жыйынтыгы жана экинчи этаптын пландары тууралуу маалымат беришти.
Аталган долбоор калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, өзгөчө нөшөрлүү жаан-чачын учурунда Ак-Буура дарыясынын ылайкалануусунан улам келип чыккан суу тартыштыгын түп-тамырынан чечүүгө багытталган.
Долбоор боюнча негизги көрсөткүчтөр:
– Ак-Буура дарыясынын Данги тилкесинде жаңы суу алуучу курулма курулуп, Төлөйкөн айылындагы дамбага чейин диаметри 1000 мм болгон эки суу өткөрүүчү түтүк тартылды.
– Түтүктөрдүн жалпы узундугу 4,8 чакырымды түзөт.
Бүгүнкү күндө биринчи линиянын курулушу толугу менен аяктап, шаар тургундарына үзгүлтүксүз таза суу берүү үчүн пайдаланууга берилди. Алдыда долбоордун 2-линиясын куруу пландалууда.

Окшош жаңылыктар

836163308_4635935016691756_4646787346726614131_n

Ош шаарынын мэри боордош шаарлардын өкүлдөрүн кабыл алды

IMG_8038

Боордош Андижандан Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

831454242_1610986373865684_1094040179785250727_n

Республикалык айтыш: Баш байгени Нурсултан Абдикаримов жеңип алды

830695415_2072783820027733_2423687010697135486_n

Бокс боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

833914047_28580295938293616_7408972539745938807_n

Ош: Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өткөн турнир

b393e6ca-0300-40c1-bc59-db477b4b572c

Авиценна көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Видео