Казакстандын (Алматы шаары) “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” коомдук фонду селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирди.
Жүктүн жалпы салмагы 40 тонна болуп, анын ичиндеги төшөнчү жабдыктар, азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар Ош шаарынын жана Ош облусунун жабыркаган жарандарына бөлүштүрүлөт.
Гуманитардык жүктү тосуп алууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери катышты.
Белгилей кетсек, гуманитардык жардам КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин биргелешкен долбоорунун негизинде жеткирилди.