ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Президент Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат.
“Бул долбоордун аркылуу меймандос жана көп этностуу Ош ынтымак байырлаган баалуулуктары менен катар жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий жана материалдык көрөңгөсүн байытып, Улуу Жибек жолунун ири провайдери болуп калат. Шаар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонунда дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат. Шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана ар тараптуу өнүктүрүү Ошту жашоо жана бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу кылат. Бул багыттагы кадамдардын негизгилеринин бири – “Ош-сити” долбоору жана анын IT шаарчасы”, – деп Садыр Жапаров.
Ал IT шаарчасы – жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун баса белгиледи. Долбоордун алкагында калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр – турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат.
“Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Курулуш учурунда миңдеген жумуш орундары түзүлүп, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT-шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак-жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат”, – деп белгиледи Президент.
Ал бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси куруларын кошумчалады. Алардын бир бөлүгү жарандарыбыз ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.
“Көп тармактуу жаңы турак-жай комплексинде балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар курулат. IT-шаарчасынын тургундарын медициналык жактан тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган көп тармактуу медициналык мекеме салынып, ал амбулатордук бөлүм, төрөт үйү жана диагностикалык борборлорду камтымакчы. Андан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, жашыл зоналар менен эс алуу аймактары, балдар үчүн оюн аянтчалары жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу аймактары курулат”, – деди Мамлекет башчысы.
Ал белгилегендей, шаарча Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартып, жаңы технологиялык демилгелердин башат алган жерине айланат.
Президент долбоор Ош шаарынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла турган маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи. Ал келечекте жалпы эле региондун заманбап технологиялык жана социалдык борборуна айланышы керек.
Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын жана Ош облусунун муктаждыктары үчүн сатылып алынган автоунаалар жана атайын техникалар менен таанышты.

Окшош жаңылыктар

IMG_1509

А.Навои эс алуу багындагы, жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери, имараттар боюнча маалымат

А. Навои эс алуу багынын аймагы тазаланып, иреттелет

ОшТЭЦ

Кулактандыруу!!! Гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

459057644_852653863720179_5289630237406700601_n

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Снимок экрана_18-3-2025_101953_

Ош шаарынын аймагында ЛЭД-экрандарды орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялайт

сайт

Курманжан-Датка көчөсүн жакшыртуу жана жашылдандыруу иштери күчөтүлөт

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.