ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Санкт-Петербургдан келген делегация “Өчпөс от” мемориалдык комплекстине гүл коюу аземине катышты

Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарында Санкт-Петербург күндөрүнүн алкагында Санкт-Петербург шаарынан келген делегация өкүлдөрү “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл коюшту.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары, окуучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.

Айта кетсек, Ош жана Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Ош шаарында Санкт-Петербург күндөрү өтүүдө. Анын алкагында бүгүн кечинде Бабур театрында Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө жана “Бис-Квит” камердик оркестринин концерти өтөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео