Селдин кесепетинен улам Ош шаарында ушул саатка карата жалпы тез жардам кызматына 30 чакыруу болгон. Анын ичинен 17 жаранга жеринде жардам көрсөтүлдү, 9 жаран шаардык клиникага, 4 жаран облустук ооруканага жеткирилди.
Азыркы учурда 8 жаран шаардык клиникадан үйүнө чыгарылды (амбулаторияга), 1 жаран клиникада каралып жатат, ден соолугу жакшы.
Облустук ооруканадан 3 адам үйгө чыгарылды, 1 тургун клиникада каралып жатат.