Сербияда өткөн Эл аралык мелдеште карате боюнча спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту
2024-жылдын 23-24 ноябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн “Serbian Open Cup” Эл аралык мелдешке 10 мамлекеттен жалпы 1200 спортчу жеке жана командалык беттештерде күч сынашышты.
Эки күндүк беттештердин жыйынтыгында:
Алмазбеков Эмир, 12-13 жаштар арасынан, кумитэ түрүнөн (50 кг);
Эргашева Арууке, 14-15 жаштар арасынан ката түрүнөн;
Батырбеков Максат, 16-17 жаш , кумитэ (60 кг);
Саматов Арнель, 8-9 жаш , кумитэ (30 кг).
Ал эми 18-39 курактагы эркектердин командалык, кумитэ беттешинде Апсатаров Абдибек, Долотбаев Самарбек, Батырбеков Максат, Ташланкулов Расулбек күмүш медаль тагынышты.