ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Таңкы рейддик кыдыруу: Мамыров көчөсүндөгү вулканизация жана курулуш материалдар сатуучу түйүндөрдүн ордуна жаңы парк курулат

Бүгүн, 16-февралда таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Мамыров көчөсүнүн абалын текшерип чыкты. 🔸 Анын жүрүшүндө шаар башчысы аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, эки тарабында шаар тургундары жана коноктору үчүн жаңы заманбап эс алуу багы түзүлөөрүн билдирди.🔸 Жеринде мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды бузуп алып салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, заманбап көп функционалдуу эс алуу багынын эскиздик долбоорун даярдоо тапшырмасы коюлду. 🔸 “Ак-Тилек кичи районуна кирүүчү айланма жолдун боюна, Мамыров көчөсүнүн эки жагына жаңы заманбап эс алуу багы курула баштайт. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул бакка, анын өнүгүсүүнө салым кошкон белгилүү инсандын ысмын ыйгаруу керек”, – деди мэр.🔸 Шаар башчысы белгилегендей, бул бак шаарга түштүк-чыгыш тарабынан киргенде шаардыктардын визиттик картасы болуп калат. Эс алуу бакты куруу Мамыров көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен бирге жүргүзүлөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео