ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Туризм жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды

Бүгүн 2-ноябрда, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду.
Талкуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун негизги жоболору тааныштырылып, туризм тармагын өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана тармактагы ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери каралды.
Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, туристтик ишканалардын, тармактык бирикмелердин өкүлдөрү, эксперттер жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышып, мыйзам долбоорун өркүндөтүү боюнча өз сунуш-пикирлерин билдиришти.
Белгилей кетсек, мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуунун максаты — туризм тармагындагы укуктук базаны өркүндөтүү жана өлкөдө туризмдин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Окшош жаңылыктар

a103cb0f-e846-475b-9fb2-a8983faf550d

Ы. Монуев көчөсү толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

c553f23e-0d4b-4c1c-976e-e2c5ac65bf46

Т. Атабаев көчөсү жаңыланып пайдаланууга берилди

c39f318e-0bea-4c80-93f3-c77ddd64f596

Ош шаарында Кыргыз милициясынын 102 жылдыгы белгиленди

807c825c-6d77-440b-b083-998b99f5b103

Кең-Сай жана 218-кварталдын көйгөйлөрү чечилди

867810048_1423036566655824_4807351001600516213_n

Коллегия: тогуз айдын жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер

WhatsApp_Image_2026-

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК (МЖӨ) ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА КОНКУРСКА КАТЫШУУГА КЫЗЫКДАР ТАРАПТАРДЫ ЧАКЫРАТ

Видео