Сиздерге, 2025-жылдын 20-январынан тарта А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын эскертебиз. Белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууңуздарды өтүнөбүз.
Белгилей кетсек, аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат.
Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт.