ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаары эл аралык “Ачык жергиликтүү башкаруу” (OGP Local) демилгесине кошулду. Бул глобалдык тармакта 162 жергиликтүү башкаруу органы бар. Борбордук Азиядан азырынча Бишкек жана Ош шаарлары гана катышып жатат.

“Ачык жергиликтүү башкаруу” демилгеси – бул эл аралык платформа болуп саналат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ачык-айкындуулук жана коом алдындагы отчеттуулук боюнча ойлорун иштеп чыгып, тажрыйба алмашат.

🔹 Ош шаарынын мэриясы жана “Өнүктүрүү саясат институту” ОGP демилгеси алкагында «Ачык Ош» комитетин түзүүдө активдүү жарандарды кызматташууга чакырат.

🔹 “Ачык Ош” комитети – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана Ош шаарындагы жарандык коомчулуктун кызыкчылыктарын билдирип турат. Жумушчу тобуна Ош мэриясынан 3 өкүл жана жарандык коомдун атынан 3 өкүл шайланат.

⤵️ “Ачык Ош” комитетин түптөө жана ишмердигин жүргүзүүгө кызыксаңыз төмөнкү талаптарды аткарыңыз:

➡️ “Ачык Ош” демилгесине кошулуунун Декларациясынын текстин төмөнкү шилтеме аркылуу таанышыңыз:

Декларация:
https://docs.google.com/document/d/1CuQvoGuatXnlmtF7NrPvkgxpEStMMxgSpxboTat13rU/edit?usp=sharing

Декларациянын шарттарын кабыл алсаңыз жана демилгеге кошулууга даяр болсоңуз, декларацияда көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу онлайн каттоодон өтүңүз. Каттоо 6-сентябрдан 20-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

❗️ Катталгандар сентябрдын аягында уюштуруу жыйынына чакырылат. Жыйын Ош шаарында, В.Ленин көчөсү 221 дарегинде өтөт. Чакыруулар каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почтага жөнөтүлөт.
📲 Кошумча маалымат алуу үчүн Азамат Мамытовго (0770) 77-11-14 телефонуна же AMamytov@dpi.kg электрондук почтасы аркылуу байланышсаңыздар болот.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео