Ош шаарынын муниципалдык менчик ишканасы муниципалдык объектилерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн конкурс жарыялайт.
Конкурска катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү №4 (3-кабат, 13-каана).
Конкурска бардык физикалык жана юридикалык жактар, алардын ичинде конкурс өткөрүүгө 1 (бир) күн калганда конкурска катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алат.
Керектелүүчү документтер:
1.Физикалык жактар үчүн паспорт.
2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө –конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
3. Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
Конкурска катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил объектини (мүлктү) конкурс белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин конкурсту алып салууга укуктуу.
Конкурска катышууну каалагандар, өздөрүнүн өкүлдөрү (ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.
Сурап билүү үчүн телефон номери: (0 3222) 7-07-04.