✅ Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл – тарыхы жана азыркы учур” аталышындагы мыкты сүрөт, видеоролик жана баян боюнча сынак жарыялайт.
👉 Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат (жеке жактар же чыгармачыл жамааттар).
👇 Сынак төмөнкү номинациялар боюнча бааланат:
🎨 “Мыкты сүрөт”;
🎞 “Мыкты видеоролик”;
✍️ “Мыкты баян”;
👍 “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнүн сыйлыгы”.
🔖 Белгилей кетсек, сынактык иштер милдеттүү түрдө сынактык иштин автордук аталышы, автордун аты-жөнүн (чыгармачыл жамааттын аталышы), жашын көрсөтүү менен түшүндүрмө текстти (плакаттар үчүн) камтууга тийиш.
🔸 Сынактык иштер 2024-жылдын 1-октябрына чейин Ош шаарынын прокуратурасынын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
🔸 Жарым финалдын жыйынтыгы менен ар бир номинация боюнча 10 мыкты иш сынактын финалына чыгат.
🔸 “Мыкты сүрөт” номинациясы боюнча иштерди А3 форматындагы (297×420мм) кагазга карандаш же боек менен сүрөт тартып тапшыруу абзел. Ал эми “Мыкты баян” номинациясы боюнча А4 форматындагы кагазга мамлекеттик же расмий тилдерде (5 баракка чейин ) текст жазып, тапшыруу керек.
☝️ Эскертүү: Башка авторлордун тексттерин, видео-аудио материалдарын (плагиат) пайдаланууга жол берилбейт.
🎁 Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат.
🔸 Сынактын катышуучулары 0220 20 05 05, 0778 74 25 52 телефон номурлары аркылуу толук маалымат алышса болот.
🔸 Сынакка катышууну каалагандар, жогоруда белгиленген талаптарга ылайык катталуусу зарыл.