

Алсак, күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү, 33 жаш баланын тушоо кесүүсү жана улуттук спорт оюндары өтөт. Ошондой эле “Күз фест 2024” мөмө-жемиштер жарманкеси уюштурулат.