ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жүргүнчүлөрдүн эсине!

Ош шаарында жаңы муниципалдык базар ачылган күндөн тарта Б.Осмонов көчөсү аркылуу 3 муниципалдык автобус жана 4 кичи автобус каттай баштайт.
Алсак, жаңы муниципалдык базар аркылуу №9, №53, №6 муниципалдык автобустар жана №127, №141, №119, №109 кичи автобустар өтөт.
Каттамдар төмөнкү жол чийме менен жүрүшөт:

–
№9 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Алымбек-Датка (Южный) муниципалдык аймактык башкармалыгы – Достук чек ара бекети” багыты боюнча каттаган учурда Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.

–
№53 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Мээркан айылы- Ж.Раимбеков көчөсү” багыты боюнча жүргөндө Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.

–
№6 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Орке, Соколок айылдары – Ж.Раимбеков көчөсү” багыты боюнча каттаганда Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.

–
№127 кичи автобустук маршруттук каттамы “222-223 квартал – Кызыл-Байрак айылы” багыты боюнча каттаганда, Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.

–
№141 кичи автобустук маршруттук каттамы Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы жактан келгенде, бекитилип берилген кыймыл чиймесиндеги Ж.Раимбеков көчөсүндөгү айланпадан кайрылып, А.Масалиев, А.Навои, Г.Айтиев, Барсбек айланпасы, Б.Осмонов көчөлөрү менен жаңы базар аркылуу каттайт.

–
№119 кичи автобустук маршруттук каттамы Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Сүрө-Таш айылына барганда жана келгенде Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базар аркылуу жүрөт.

–
№109 кичи автобустук маршруттук каттамы С.Касымбеков көчөсүндөгү калкты тейлөө борборунда орун алган акыркы аялдамасы (С.Касымбеков – Достук айланпасы – Б.Осмонов көчөлөрү аркылуу), Б.Осмонов көчөсүндөгү жаңы базарга жылдырылат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео