Шаардагы темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат

Ош шаары, 20-февраль Ош шаарынын мэри Жанар Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу […]
Жаңы дайындоо

Нурлан Закиров Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. Буга чейин бул кызматты Ханбийке Асанова ээлеп турган. ***** Новое назначение Нурлан Закиров назначен начальником отдела социального развития мэрии города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев. Ранее эту должность занимала Ханбийке Асанова. ________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү […]
Жаңы дайындоо

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды (социалдык тармак боюнча). Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. ***** Руководитель аппарата мэрии города Ош Масуда Айдарбекова освобождена от занимаемой должности и назначена заместителем мэра города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев. _______________________________ Маалыматтык камсыздоо […]
Жаңы дайындоо

Шумкарбек Пайзиев Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды (курулуш тармагы боюнча). Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. ***** Новое назначение Шумкарбек Пайзиев назначен заместителем мэра города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев. _______________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия
Ош шаарынын жаңы мэри тааныштырылды

Ош шаары, 19-февраль Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы шайланган мэрди Ош шаарынын мэриясынын жамаатына жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине расмий түрдө тааныштырды. Белгилей кетсек, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Жеңишбек Токторбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жанарбек Акаев дайындалган. МинКаб башчысы Жеңишбек Токторбаевдин шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымына ыраазычылык билдирип, Жанарбек Акаевге […]
Жамааттарды каттоо боюнча жаңы тартип күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО ПО ДЕЛАМ ГОСУДАРСТВЕННОЙ СЛУЖБЫ И МЕСТНОГО САМОУПРАВЛЕНИЯ ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ БУЙРУК ПРИКАЗ № Бишкек Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоонун (кайра […]
Таңкы рейд: Курманжан-датка көчөсү кеңейтилип, кошумча бир тилке жол курулат

Ош шаары, 12-февраль, саат 08:00 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Курманжан-датка көчөсүндө кезектеги таңкы рейд жүрдү. Рейддин жүрүшүндө шаа мэри Курманжан-датка көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки тилкеде унаа кыймылын жеңилдетүү максатында кошумча бир тилке жол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле […]
Ош шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат

Ош шаары, 9-февраль Ош шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ортосунда концессиялык келишимге кол коюлду. Келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана аталган компаниянын жетекчиси Дай Даого кол коюшту. Келишимдин алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Аталган завод жылына […]
Таңкы рейд: И.Разаков көчөсүнүн инфратүзүмү оңдолот

Ош шаары, 9-февраль, саат 07:30 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Манас -Ата”муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу И.Разаков көчөсүндө кезектеги таңкы рейд жүрүүдө.
✅ Таңкы рейд: Алымбек датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн инфратүзүмү оңдолот

Ош шаары, 6-февраль, саат 07:30 Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол-жээктерин, тротуарларды, жарыктандыруу тутумун жана ирригациялык тармактарды оңдоо боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырма берди. Тапшырманын алкагында аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлүп, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү мерчемделүүдө.