ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Таңкы рейд: Курманжан-датка көчөсү кеңейтилип, кошумча бир тилке жол курулат

🗓️ Ош шаары, 12-февраль, саат 08:00
🔹 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Курманжан-датка көчөсүндө кезектеги таңкы рейд жүрдү.
🔹 Рейддин жүрүшүндө шаа мэри Курманжан-датка көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки тилкеде унаа кыймылын жеңилдетүү максатында кошумча бир тилке жол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
🔹 Ошондой эле жол жээгиндеги тоскоолдуктарды алуу, мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү, тротуарларды кеңейтүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар коюлду.
🔹 Аталган иштер жол тыгындарын азайтып, аймактагы транспорттук агымды жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталат.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео