
Жыйындан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы дайындалган шаар башчысын кабинетине алып барып, кызмат ордуна отургузду. Ал жаңы мэрге алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү аткарууга чакырды. Жаңы жетекчи өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шаарды өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты.