Аманбай Жунусов көчөсү ачылды

Ош шаарынын А. Жунусов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаардыктардын катышуусунда жол ачылды. А. Жунусов көчөсүнүн унаа жолу 24 метрге кеңейтилип, 4 тилкелүү болуп оңдолду. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин […]
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт.

Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 ( 2-кабат, 5-кана). Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү . Юридикалык жактар үчүн нотариалдык каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү ( учредительный) документтердин нускасы ( чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат […]
Ош шаарынын автобустарында жана троллейбустарында Жол акысын төлөө электрондук системасын (ЭСОП) ишке киргизүү, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча конкурс жарыяланат

ТЕНДЕРДИК ДОКУМЕНТАЦИЯ Ош шаарынын автобустарында жана троллейбустарында Жол акысын төлөө электрондук системасын (ЭСОП) ишке киргизүү, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча Операторду тандоо жөнүндө Кириш сөз Ош шаарынын коомдук транспортунда Жол акысын төлөө электрондук системасын (ЭСОП) киргизүү жана ишке киргизүү долбоору жүргүнчүлөрдү ташуулардын сапатын, ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. ЭСОПту киргизүү бардык кыймылдуу составды (автобустарды жана троллейбустарды) […]
Ош шаарынын 3025 жылдыгына коңшу өлкөлөрдүн шаарларынан делегациялар келишти

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленүүдө. Мааракеге коңшу Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Кытай Эл Республикасынан делегациялар келишти. Атайын иш-чарага Шымкент, Тараз, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Ярославль, Наманган жана Андижан шаарларынын мэриялары менен муниципалдык мекемелеринен келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын бир катар шаарларынын мэрлери катышышты. Коноктор Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди жана шаар тургундарын маанилүү маараке менен […]
Ош шаарында жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы Барпы Алыкулов атындагы сейил бак ачылып, пайдаланууга берилди. Н. Исанов көчөсүндө курулган сейил бак жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Жалпы 26 000 чарчы метр аянтты ээлейт. Эс алуу багында: • жашыл зона, • воркоут аянтчасы, • балдар ойноочу аянтча, • унаа токтоочу жай, • кичи футболдук аянтча, • тамактануучу […]
Ош шаарынын күнүндө Мамлекеттик туу көтөрүлүп, парад өттү

5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленди. Ага Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда борбордук аянтка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен шаар күнүнө карата 45 метрлик желек сап алынып салынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду. Иш-чарада Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктады. Ошондой эле борбордук […]
Көп балалуу энелерди “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн материалдарды 2025-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алынат

Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн материалдарды 2025-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №237 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар мораторий мезгилинде өзгөчө учурларда гана Президенттин демилгеси боюнча караларын маалымдайбыз. “Баатыр […]
Ош мэриясы ЕРӨБ менен кызматташат

17-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен Бишкек шаарында жолугушту. Жолугушууда бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Тараптар Ош шаарына электробустарды алып келүү жана жаңы троллейбус линияларын куруу боюнча келишимге кол коюшту. Ошондой эле, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды. Атап айтканда: • эстакадалык көпүрөлөрдү куруу, • шаарды айланып […]
Эко таксинин санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө

Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Джусин Чжикэ” компаниясынын жетекчиси Ма Хайфен менен жолукту. Жолугушууда Ош шаарында ачылып ишке кирген Эко муниципалдык такси кызматынын ишин жүргүзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Шаар тургундарына экологиялык жактан таза, заманбап жана ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүү үчүн электро унаалардын санын көбөйтүү зарыл болуп турат. Жеңишбек Токторбаев бул маселени чечүү […]
Мэр үч эмге батир тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн. Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.