Бала бакчанын көйгөйү 2 саатта чечилди

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн айылындагы спорт залдын ачылышынан соң Аалам нуру бала бакчасына кирген. Аталган бала бакчанын жетекчилиги мэрге духовка жоктугун айткан. Мэр бул суранычты тез арада чечип, бала бакчага ашкана жабдыктарын белек кылууну убада кылган. 2 сааттан соң шаар башчынын тапшырмасы менен балдар бакчасына 2 духовкага кошо муздаткыч да жеткирилип берилди.
Маатов көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы дагы бир көчө капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Маатов көчөсүн (Алымбек Датка көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки аралык) асфальттоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты. Бул көчөнүн жолуна асфальт төшөлүп, тротуар курулду жана лотоктор орнотулду.
Горький көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарында М. Горький көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Аталган көчө толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, асфальт басылып, тротуар жана ирригациялык лотоктор курулду.
Ош шаарынын мэри АКШнын Элчиси менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Ош шаары менен АКШнын ар кандай тармактардагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар демилгелерин колдоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында пикир алмашышты. Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардагы социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Элчи […]
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт.

Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы С. Айни көчөсүнүн №9в жана № 11 даректеринде жайгашкан аректеринде жайгашкан Лот № Жер тилкесинин дареги Аянты (чарчы метр) Ижара акысы Багыты 1 Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы МЖК №5 турак үйүнүн жанында жайгашкан жер тилкеси 263,19 15791 сом (бир жыл) Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу 2 Ош шаарынын […]
Авиценна көчөсү кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Авиценна көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Учурда жол четиндеги кызыл сызыкка чыккан курулуштарды алып салуу, жолду кеңейтүү, курулуш калдыктарын алып чыгуу жумуштары жүрүп жатат. Аны менен катар Жекелик каналынын корук аймагындагы курулуштар алынып салынып, каналдын жээги тазаланууда. Жолду кеңейтүү иштеринин алкагында Авиценна көчөсү Раззаков көчөсүнөн тарта […]
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде да болду.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышуу иштеринин алкагында бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болду. Мында окуу жайдын шарттары, техникалык, материалдык базасы менен таанышып, студенттердин окууга катышуусун көрүп, лекцияларга катышууда.
Мэр Ж.Токторбаев: Билим берүүнүн сапатын көтөрөлү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн күндүн экинчи бөлүгүндө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуусу өттү. Алгач билим берүү башкармалыгынын башчысы жалпы маалымат берип, баяндама жасады. Андан соң калаа башчысы Ош шаарынын аймагында жасалган жана учурда жүрүп жаткан жумуштар боюнча токтолуп өттү. Мэр шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринен коррупцияны токтотуу, мектеп, […]
Э. Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарындагы кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Э. Алиев көчөсү пайдаланууга берилди. Көчөнүн ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Узундугу 740 метрди түзгөн көчөгө шаар бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен асфальт төшөлүп, жолдун эки жагына тротуар салынды жана суу кетирүүчү лотоктор орнотулду.