Ош: Президенттин катышуусунда В. Терешкова атындагы жатак-мектеби ачылды

Бүгүн, 29-августта Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына келди. Мамлекет башчы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы жаңы жатак-мектебинин ачылыш аземине катышып, ошондой эле өлкөдөгү 100дөн ашык социалдык жана өнөр жай объекттеринин ачылышына онлайн режимде күбө болду. Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Орусиядан да делегация келди. Алардын арасында Мамдуманын депутаттары бар. Жатак-мектептин ачылышына мектепке […]
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ ТОПТОРУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим; – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий […]
60 жылдан кийин асфальт басылган эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык башкармалыгындагы Саидов жана Моминова көчөлөрү кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар катышты. Бул кесилишкен көчөлөргө 60 жылдан кийин быйыл мэрдин тапшырмасы менен асфальт төшөлүп, жолу кеңейтилди. Жолдун эки четине тротуарлар жасалып, лотоктор орнотулду. Моминова көчөсүнүн узундугу 1,6 чакырым, кеңдиги 20 метрге жетет. Ал […]
✅Ош шаарындагы жаңы базарда акциздик маркаларды көзөмөлдөө рейди өттү

Бүгүн, 28-августта Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана мэр Жеңишбек Токторбаевдин катышуусунда акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгы текшерилип, жасалма маркаларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Акциздик продукциялар салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калкты сапатсыз товарлардан коргоодо маанилүү […]
Жол кеңейтүү үчүн үйү бузулган үй-бүлөгө жаңы үй курулуп берилди

Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар алып салынган. Анын ичинде Данияр Исраиловдун үйү да болуп, жашап жаткан турак-жайы толугу менен бузулган. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен калаа бийлиги бул үй-бүлөгө бардык шарты менен жаңы үй куруп берди. Бүгүн көчөнүн ачылышынан кийин мэр жаңы турак-жайды да көрүп чыкты.
Н. Исанов көчөсү ачылды

Бүгүн, 27-августта Ош шаарындагы Н. Исанов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин, төрага Болот Баетовдун жана жашоочулардын катышуусунда ачылышы өттү. Бул көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен кеңейтилип, асфальт басуу иштери жүрдү. Көчөнүн узундугу 5 чакырым, кеңдиги 18 метрди түзүп, алты тилкелүү.
Навои көчөсү 6 тилкелүү болуп ачылды

Ош шаарынын А. Навои көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Реконтсрукциялоо иштеринен кийин бул көчө 6 тилкелүү болуп өзгөрдү. Узундугу 2,6 чакырым, кеңдиги 26 метр. Кыска убакытта жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, лоток жана жарыктандыруулар орнотулат.
Волгоград көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Волгоград көчөсүнө асфальт төшөлүп бүтүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана калаа тургундары катышты. Бул көчөнүн узундугу 2,2 чакырым, кеңдиги 24 метр. Буга чейин шарты начар, тар көчө 4 тилкелүү болуп кеңейтилди. Алдыда эки тарабына тротуар төшөлүп, лотоктор орнотулат.
Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү пайдаланууга берилди

Ош шаарында асфальтталган дагы эки көчө пайдаланууга берилди. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Аталган көчөлөргө асфальт төшөлүп, эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор жаткырылды.
✅️ Ош шаарында катарынан 3 көчө ачылды

Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 3 көчө пайдаланууга берилди. Алар: Маткеримова (Уруцкий); Алымбеков (Краснофлотск); Байтемиров көчөлөрү. Ачылышка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты.