Алымбек Датка көчөсү расмий ачылд

Ош шаарындагы Алымбек Датка болуп өзгөртүлгөн ири көчө расмий ачылды. Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.
Ош шаарынын көчөлөрүнүн бирине казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат.

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай менен Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмеводго бул көчөнү тааныштырып келди. Аталган көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жумуш дээрлик аяктап калды. Жалпы узундугу 3 чакырым 800 метр. Алдыңкы бир ай ичинде көчөнүн башына акындын айкели коюлуп, чакан сквер уюштурулат. Абай Кунанбаев коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлери менен казак […]
Дипломаттар шаарчасы үчүн жер бөлүндү

Кыргызстанда биринчи болуп Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бүгүн, 26-августта мэр Жеңишбек Токторбаев Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды. Дипломатиялык шаарча Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат. Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык […]
✅Ош шаары Корея Республикасынын Пхентэк шаары менен кызматташат

Бүгүн, 25-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Корея Республикасынын Пхентэк шаарынын мэри Чон Чан Сон баштаган делегаттар менен жолугушту. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова да катышты. Жолугушууда эки шаар ортосундагы достук мамилелерди орнотуу ниети жөнүндө келишимге кол коюлду. Ага ылайык маданий, билим берүү, экономикалык жана туризм жаатындагы узак […]
🏟️Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланууда!

Эл аралык талаптарга жооп берген, таза жана тартиптүү аймак үчүн чоң кадам! Ош шаарынын борбордук стадионунун кирүүчү бөлүгүндөгү жана каналдын жээгиндеги баш-аламан курулуштар Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен бузулуп алынып, айланасы заманбап талаптарга ылайык келтирилип, оңдоп-түзөлөт. Буга чейин стадиондун кире бериш аймагы ар кандай курулуштар менен тосулуп, терс көрүнүштөрдү пайда кылып келген. Эми […]
✅ Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт:

Аукционго катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана). 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү. 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана […]
✅Ош шаарынын көчөлөрүнө Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча коомдук талкуу

Ош шаарындагы Волгоград жана К. Тимирязев көчөлөрүнө казак элинин улуу акыны, агартуучу, жазма адабиятынын негиз салуучусу, композитор Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси коомдук талкууга коюлду. Абай (1845–1904) — казак адабиятынын классиги, философ, композитор жана гуманист. Ал бала кезинде Семейдеги медреседе окуп, чыгыш жана орус классиктеринин чыгармалары менен таанышкан. Анын чыгармачылыгы үч багытта белгилүү: өзүнүн поэтикалык […]
Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2026-жылга карата Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталгандыгына байланыштуу аталган маселе коомдук талкууга коюлат. Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 5 57 48 Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Т. Баетовго […]
“Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын тарифи Ош шаарынын тургундарынын коомдук талкуусуна сунушталат.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе сунушталып жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынын коомдук талкуусуна […]
✅ Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы түнкү түстүү чырактар менен кооздолду.

Калаа башчысы Жеңишбек Шермаматовичтин тапшырмасына ылайык шаарга кире берген дарбаза жана анын айланасы түнкү көрк берүүчү бир канча чырактар менен жасалды. Аны менен бирге атайын лазердик жарыктандыруу системалары орнотулду. Бүгүн шаардын жаңыланган негизги кире бериш дарбазасындагы жасалган жумуштарды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана шаар тургундары көрүп, таанышып чыгышты. […]