Ага Хан мектеби 20 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн, 13-октябрда Ага Хан мектебинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, билим берүү мекемеси окуу процессине заманбап технологияларды ийгиликтүү киргизүү менен бирге билим берүү тармагын ар тараптуу өркүндөтүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгилеп, мектептин маанилүү датасы менен куттуктады. Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары окуу процессинде үйрөнгөн интерактивдүү […]
Коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча семинар өттү

Бүгүн, Ош шаарынын аппарат жетекчиси А. Кубатбек уулунун жетектөөсүндө, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда “Коррупция, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө, алдын алууга саресеп” аталышында семинар өткөрүлдү. Анын алкагында, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов, Ош шаарынын прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Самат Жунусов баяндама жасашты. Семинардын […]
Санариптештирүү – өзгөрүүлөрдүн доору. Санарипке кошул!

Ош шаарынын тургундары өзүн, үй-бүлө мүчөлөрүн, үй чарбасын санарип аймак маалымат тутумуна каттоодон өткөрүүсү учур талабы. Ош шаарынын мэриясы, шаардын бардык аймактарынын тургундарына эскертет, 2023-жылдын 20-октябырына чейин, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкта санарип аймак маалыматтык тутумуна каттоо иш-чарасы жүргүзүлөт. Тутумга кирүү үчүн сизден төмөнкү документтер талап кылынат: -Паспорт жана үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн өздүгүн тастыктаган докүменттеринин көчүрмөсү; […]
Ош шаарынын мэри Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду сыйлады

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Сербиянын Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Кыргыз балбаны […]
Жарнамалардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейддер уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү. Текшерүү учурунда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген жарнамалар алынды. Мындан ары […]
Ош шаарында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен 2023-жылдын 15-декабрына дайындалган Бишкек шаарында өтүүчү Элдик Курултайга Ош шаарынан 39 делегатты шайлоо Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 164 токтомуна ылайык 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10:00до С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында өткөрүлөт. 2023-жылдын 17-октябрынан 25-октябрына чейин 7 муниципалдык аймакта: № 1 Туран, […]
Коомдук транспортто мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын сакталышы боюнча рейд жүрдү

10-11-октябрь күндөрү Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы жана “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги”, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери биргеликте “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдардын ичи-сыртына илинген маалыматтарды жана багыттарды көрсөткөн жазууларды текшерүү боюнча рейд жүргүзүштү. Рейд учурунда троллейбустар, 6 […]
Шаар четиндеги жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылат

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган “Аракет” долбоорунун алкагында түзүлгөн Координдациялык кеңештин кезектеги отуруму өтүп, анда долбоорго кирген №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын жана “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы үй-бүлөлүк жатаканалардын маселелеринин чечүү боюнча талкуу болду. Жыйында муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жаңы конуштардын негизги көйгөйлөрү айтылып, элдин жашоосун жеңилдетүү […]
Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXI сессиясы өтүүдө

Бүгүн, 11-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXI сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Сессиянын күн тартибинде: – Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин сатууга мораторий жарыялоо жөнүндө; – “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги […]
Ленин көчөсүн Ош автобекетине чейин бир тараптуу толук ачуу жумуштары башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, шаар ичиндеги жол тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнүн Загородный көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки 1,7 чакырым аралыгындагы жолду капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары башталды. Аталган жол Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул жол бир тараптуу унаа кыймылы үчүн Ош автобекетине туташтырылат. Учурда мыйзамсыз жана убактылуу курулган объектилерди алып салуу, жолду […]